Режиссёр Болот Шамшиевдин унаасын уурдап кетип, өрттөп жибергенге шектүүлөр кармалды

Режиссёр Болот Шамшиевдин унаасын уурдап кетип, өрттөп жибергенге шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, издөө иштеринин натыйжасында Свердлов райондук Криминалдык милициясынын кызматкерлери кылмышка шектүү катары 2 адамды кармаган. Алар 1994-жылы туулган Ш.К. жана 1993-жылы туулган Л.Ю.
"Кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камалды. Иликтөө иштери уланууда", - деп билдирди маалымат кызматы.

Режиссёр милицияга 10-ноябрда кайрылып, унаасын уурдатып жибергенин билдирген. Анын жазган арызынын негизинде Свердлов райондук ички иштер бөлүмү тарабынан иш козголгон. Издөө иштеринин натыйжасында анын Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаасы Чүй облусунун Милянфан айылынан өрттөлгөн абалда табылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
nurik838383
2018-11-30 09:46:06
Дагы бир шордууларга илишти да менттер
0
almanbetperm
2018-11-30 11:08:39
Торпок сала кетишкен болуп журбосун, жакшы териштиргиле оперлер
0
Aikaaaa
2018-11-30 14:57:46
Дунгандардан го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан