Белгисиз адамдар режиссёр Болот Шамшиевдин унаасын уурдап кетип өрттөп жиберишти

Белгисиз адамдар режиссёр Болот Шамшиевдин унаасын уурдап кетип, өрттөп жиберишти. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, режиссёр милицияга 10-ноябрда кайрылып, унаасын уурдатып жибергенин билдирген.

Анын жазган арызынын негизинде Свердлов райондук ички иштер бөлүмү тарабынан иш козголгон. Издөө иштеринин натыйжасында анын Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаасы Чүй облусунун Милянфан айылынан күйүп кеткен абалда табылган. Учурда унааны уурдап, өрттөп жиберген адамдар изделүүдө.

СССРдин Эл артисти, режиссёр Болот Шамшиев унаасын белгисиз адамдар уурдап кетип, өрттөп жибергенин SUPER.KG'ге тастыктады.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rifle_I
2018-11-13 11:53:30
Мамлекет жаңы машина алып берип койсун эми.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан