Ыйык Рамазан айы өкүм сүрүүдө. Бир айлык орозо 8-августта аяктап, ооз ачылып Орозо айт майрамдалат. 15-октябрда Курман айт белгиленсе, 3-августтан 4-августка караган түнү Кадыр түн экендиги белгилүү болду. Төмөндөгү сүрөттө орозо календары жана саарлыкта оозду бекитүү дубасы, иңирде оозду ачуу дубасы жана башка маалыматтар жазылган. Орозоңуз кабыл болсун, мусулман бир тууган!