Ысык-Көл облусунда 18 жаштагы кыз сүйлөшкөн жигити каза болгондон кийин өз жанын кыюуга аракет кылган. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматкери Сталбек Усубакунов тастыктап төмөнкүлөрдү билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя Ысык-Көл районунун Жаркынбаев айылында катталган.
"Кыз моюнуна жип салып жатканда туугандары көрүп калып аман алып калышкан. Учурда кыз Чолпон-Ата шаардык ооруканасына жаткырылды", - деди ал.
Буга чейин ЖАМКтын өзүн-өзү атып алган прапорщиги сүйлөшкөн кызы асынып алгандыктан өз жанын кыйгандыгы айтылган.