Токон Мамытов арыз жазылгандан кийин гана аракеттер көрүлө баштай турганын билдирген. "Тийиштүү арыз келип түшкөндөн кийин эл аралык нормалардын алкагында Кыргыз мамлекети менен Кытайдын эки тараптуу келишимдеринин негизинде чаралар көрүлөт", - деген Мамытов.
Аталган окуя боюнча Тышкы иштер министрлиги да тиешелүү иштерди жүргүзүп жатканын маалымдашкан.
Акыйкатчы Токон Мамытов туугандары Кытайда камалды делген жарандар менен жолугушту. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.