Токмок шаарындагы унаа жолдорун оңдоого 2013-жылга шаардык бюджеттен 10 миллион сом бөлүнгөн. Бул тууралуу бүгүн, 15-июлда Токмок шаардык мэриясынан билдиришти. Учурда Гагарин көчөсүнө асфальт төшөө иштери аяктап, ага 5 миллион сом сарпталды. Ошондой эле Ленин көчөсүн асфальттоо ишине катышчу компанияларга тендер жарыяланды. 2012-жылы шаардагы ири ишканалар жана жеке ишкерлер жол фондуна 2 миллион сомдон ашуун акча салган.