Кыргызcтандын Аскердик доктринасы бекитилди

15-июлда президент Алмазбек Атамбаев “КРнын Аскердик доктринасы жөнүндө” жарлыкка кол койду. Аскердик доктрина аскер курулушуна жана КРнын Куралдуу күчтөрүн жана башка аскердик түзүмдөрүн даярдоого жана КРнын улуттук кызыкчылыктарын куралдуу коргоо үчүн пайдаланууга расмий кабыл алынган көз караштардын тутуму болуп саналат. Ал дүйнөдөгү жана аймактагы азыркы аскердик-саясий абалды эске алуу менен иштелип чыккан жана аскердик чөйрөдөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты калыптандырууга, мамлекеттик бийликтин, коомдун жана жарандардын күч-аракеттерин аскердик коопсуздук жаатындагы милдеттерди чечүүгө, бириктирүүгө багытталган. Аскердик доктринаны жүзөгө ашыруу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана анын аткарылышын камсыз кылуу өкмөткө жүктөлдү. Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан