Экономист Кубан Чороев: “Кыргыз мамлекетинде фондулук биржа өнүккөн эмес”

Чаткал районунда тургундар алтын казган "Эти Бакыр Терек-Сай" фирмасынын ишине каршы митингге чыгышты. Буга жергиликтүү жашоочулар менен фирманын ортосундагы тиреш себеп болгон. Бүгүн аталган компания ишмердүүлүгүн токтоткону маалым болду.

Өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги жолдорунун бири инвестиция тартуу. Бул зарылчылыкты өлкөнү өнүктүрүү милдетин алган ар бир бийлик айтат. Бирок инвестициялык климат жакшырбай жатат.

SUPER.KG порталынын "Өкмөт өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн жасашы керек болгон кандай иштерди жасабай жатат?" деген соболуна экономист Кубан Чороев жооп берди.

Анын айтымында, Кыргыз мамлекетинде саналуу гана компаниялар фондулук биржада акцияларын сатат.

“Интернеттин, технологиянын өнүгүшү менен инвесторлорго инвестиция кылуу жеңил болуп калды. Алар интернеттен баскычты басып, каалаган компанияны анализдеп, инвестиция сала беришет. Кыргыз мамлекетинде болсо фондулук биржа өнүккөн эмес. Бизде саналуу гана компаниялар фондулук биржада акцияларын сатат.

Өкмөт инвестицияны көбөйтүү үчүн фондулук биржада көптөгөн компаниялар акционер болушуна шарт түзүш керек. Жок дегенде биринчи Кыргыз жарандарынын инвестиция салганга мүмкүнчүлүктөрү болсо, кийин тышкы инвесторлорду долбоорлорго тартууга мүмкүнчүлүк болмок”, - дейт Чороев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Марлен Маматалиев, Махабат Мавлянова, эксперт Эмил Үмөталиев, экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев, экономист Нургүл Акимованын жообу бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан