Чаткал районунда тургундар алтын казган "Эти Бакыр Терек-Сай" фирмасынын ишине каршы митингге чыгышты. Буга жергиликтүү жашоочулар менен фирманын ортосундагы тиреш себеп болгон. Бүгүн аталган компания ишмердүүлүгүн токтоткону маалым болду.
Өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги жолдорунун бири - инвестиция тартуу. Бул зарылчылыкты өлкөнү өнүктүрүү милдетин алган ар бир бийлик айтат. Бирок инвестициялык климат жакшырбай жатат.
SUPER.KG порталынын "Өкмөт өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн жасашы керек болгон кандай иштерди жасабай жатат?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова жооп берди.
Эл өкүлү инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн коррупциялык, бюрократиялык мамлекеттик тейлөөлөрдү кыскартуу керек деген пикирин айтты.
"Менин оюмча, өкмөт бул жаатта багыттуу иш алып барып жатат. Мамлекеттик тейлөөлөрдүн баарын электрондук режимге 2019-жылы өткөрүүгө аракет кылып жатышат. Бул чоң салым болот деп ойлойм. Бул коррупцияны жокко чыгарат. Бизге көп инвестициялар өнөктөш катары келишет. Сот системин ачык-айкындуулукка алып барыш керек. Күч органдары өзүнүн мүмкүнчүлүгүн көрсөтүшпөсө бизге чоң инвесторлор келишпейт. Бул дүйнөлүк практикада бар. Алар жергиликтүү миллиардерлерди издешет. Бизде миллиардерлер бар. Байлар дегенде терс кабыл албай, аларга статус берип, ачыкка чыгарып, байлыктарын мыйзамдаштырса инвесторлор кызыгып келет", - деди депутат.
Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев, эксперт Эмил Үмөталиев, экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев, экономисттер Нургүл Акимова менен Кубан Чороевдин жообу бул шилтемеде.