Чаткал районунда тургундар алтын казган "Эти Бакыр Терек-Сай" фирмасынын ишине каршы митингге чыгышты. Буга жергиликтүү жашоочулар менен фирманын ортосундагы тиреш себеп болгон. Бүгүн аталган компания ишмердүүлүгүн токтоткону маалым болду.
Өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги жолдорунун бири - инвестиция тартуу. Бул зарылчылыкты өлкөнү өнүктүрүү милдетин алган ар бир бийлик айтат. Бирок инвестициялык климат жакшырбай жатат.
SUPER.KG порталынын "Өкмөт өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн жасашы керек болгон кандай иштерди жасабай жатат?" деген соболуна экономика боюнча эксперт Нургүл Акимова жооп берди.
Анын пикиринде, өкмөттүк органдар инвесторлорду чакыруудан мурун өлкөдөгү менеджменттин абалын жакшыртуусу кажет.
"Бир нече инвестициялык учурлар бар. Инвестицияларды тартуу боюнча агенттик соода-өнөр жай тармагында мамлекеттик ишканалар тууралуу документтер топтомун чогултат. Башкача айтканда, каржылоого керектүү документтерди инвесторлорго сунушташат. Инвесторлор дегенде жеке менчик жана өкмөттүн кепилдиги менен келгендерди айтабыз. Бизде бюджет мыйзамга ылайык кепилдик бере албайт, ошондуктан мамлекеттик органдар көбүнчө жеке инвесторлорго кайрылышат. Биздин өлкөгө инвесторлор көп келе беришпейт. Мисалы, Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фонду инвестициялык эмес. Алар коммерциялык банктын ишмердүүлүгүн жүргүзүшөт. Бирок фонд негизги капиталга кирбейт. Карызга берет. Пайыздык ченемдери азыраак болушу мүмкүн, ошентсе да карыз бойдон калат.
Инвестициялар менен иштешүү үчүн корпоративдик маданият жогору болушу кажет. Бул коррупцияга, сотторго байланыштуу. Бизде баары ачык-айкын болсо, ишкерлер кирешелерин жашырбаса, башка көрүнүш болмок. Өкмөттүк мекемелер, мамлекеттик органдар бизнести кантип иштетүүнүн жолдорун үйрөтүп, менеджменттин деңгээлин жогорулатышканда максаттуу иш жүрүп жатат деп айтсак болмок. Инвестор керек болуп жатса да компаниядагы үлүшүн саткысы келбегендер бар эмеспи. Кептин баары акчанын жоктугунда эмес, потенциалда болуп жатат. Акча алып келишет, бирок эч ким тобокелге салып компанияны сатып албайт да. Эгер компания сатып алса, бул анын иши ийгиликтүү болушуна ишенем деген сөз. Ал эми карызга берсе, компаниясын сатса да мага акчаны кайтарып берет деген сөз да. Бизге инвестор келбей эле, кредиторлор келип жатат", - деди Нургүл Акимова.
Жогорку Кеңештин депутаттары Марлен Маматалиев, Махабат Мавлянова, эксперт Эмил Үмөталиев, экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев, экономист Кубан Чороевдин жообу бул шилтемеде.