Экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев: “Өкмөт ички да, сырткы инвесторго да бирдей тартип орнотушу керек”

Чаткал районунда тургундар алтын казган "Эти Бакыр Терек-Сай" фирмасынын ишине каршы митингге чыгышты. Буга жергиликтүү жашоочулар менен фирманын ортосундагы тиреш себеп болгон. Бүгүн аталган компания ишмердүүлүгүн токтоткону маалым болду.

Өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги жолдорунун бири - инвестиция тартуу. Бул зарылчылыкты өлкөнү өнүктүрүү милдетин алган ар бир бийлик айтат. Бирок инвестициялык климат жакшырбай жатат.

SUPER.KG порталынын "Өкмөт өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн жасашы керек болгон кандай иштерди жасабай жатат?" деген соболуна экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев жооп берди.

Ал инвестиция тартууга элдин билим деңгээли да таасир этерин кошумчалады.

“Эң биринчи тартипти өкмөт орнотушу керек. Ички инвесторбу, сырткы инвесторбу айырмасы жок. Мыйзам бузбаса, эч ким инвесторго тоскоол болбошу зарыл. Бирок азыр айылдарда “бул жерди иштеткенге биз уруксат бербейбиз” деп жатпайбы. Жеке, аймактык жана мамлекеттик кызыкчылык болот. 6 миллион жарандын кызыкчылыгы менен бир адамдын кызыкчылыгын салыштырганга болобу?

Ошон үчүн элдин билим деңгээлин, айрыкча юридикалык билимин жогорулатыш керек. Элди дүрбөткөн калп маалыматтарды токтотуу зарыл. Айылындагы кенди казганга уруксат бербеген жаранга ошол жердин чек арасын бөлүп берип коёлу. Өзү кайтара алабы? Бул менен инвестицияга тоскоол болуп жатабыз”, - деди ал.

Жогорку Кеңештин депутаттары Марлен Маматалиев, Махабат Мавлянова, эксперт Эмил Үмөталиев, экономисттер Нургүл Акимова менен Кубан Чороевдин жообу бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан