Чаткал районунда тургундар алтын казган "Эти Бакыр Терек-Сай" фирмасынын ишине каршы митингге чыгышты. Буга жергиликтүү тургундар менен фирманын ортосундагы тиреш себеп болгон. Бүгүн аталган компания ишмердүүлүгүн токтоткону маалым болду.
Өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги жолдорунун бири - инвестиция тартуу. Бул зарылчылыкты өлкөнү өнүктүрүү милдетин алган ар бир бийлик айтат. Бирок инвестициялык климат жакшырбай жатат.
"Мен Кыргыз жерине инвестиция жасайм" долбоорунун автору Чыңгыз Макешов өкмөттө инвестиция тармагын жакшыртуучу адистердин жоктугу тууралуу айтты.
"Өнүккөн өлкөлөрдө инвестициялардын 80 пайызы фонд рыногу аркылуу жасалат. Кыргыз мамлекетинде бул көрсөткүч 3 пайызды түзөт. Бул жердеги инвесторлорду тартуудагы башкы көйгөй - билбегендик жана аткара албагандык.
Дасыккан адистердин жоктугу жана фонд рыногунун өнүкпөгөндүгү. Кыргыз жерине, тилекке каршы, миллиард доллар каражатты иштете алган ири инвестициялык фонддор келбей жатат. Аларды чакыруунун жакшы жолу фонд рыногу болуп саналат.
Өкмөттөгүлөрдүн инвестиция тууралуу түшүнүгү жок болсо, кантип жакшыртышат. Бул үчүн түшүнгөн, билген адамдарды ишке чакыруу керек. Адистер болмоюнча фонд рыногу иштеп кетпейт, ал иштебесе ири инвесторлор келбейт, - деди Чыңгыз Макешов.