КҮНСЕРЕП: Тендерди утуу ставкасы жарым миллион доллар. Коррупциянын көчү уланууда

Бүгүн, 6-декабрь. Күн ичинде болгон окуяларга сереп салабыз.

Транспорт жана жолдор министринин орун басары 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди. УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тараткан маалыматка ылайык, аткаминер чет өлкөлүк компаниялардын биринин кызыкчылыгын көздөп тендерде алардын пайдасына чечим чыгаруу үчүн “шапканы” 520 миң доллар деп баалаган. 120 миң долларын ортомчулук кылган туугандары аркылуу алып, ал эми калган бөлүгү кийинки апталарда колуна тиймек болуп жаткан” деп жазылат УКМКнын маалыматында. Пара менен кармалды делген министрдин орун басары жол курулушу боюнча тендердик комиссиянын төрагасы экендиги маалым болду.

Сөз болуп жаткан аткаминер – Азимкан Жусубалиев. Ал транспорт жана жолдор министринин орун басарлыгына Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчы болуп турганда 2017-жылдын февраль айында дайындалган. Аталган кызматка чейин 2010-2017-жылдар аралыгында президенттик жана өкмөттүк аппаратта бөлүм башчы, бөлүм башчынын орун басары болуп иштеген. Учурда ал УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов SUPER.KG’ге комментарий берип, жогорудагы кабарды угуп нес абалда калганын, баарынан кызыктуусу, акыркы бир жарым жылда Азимкан Жусубалиев жетекчисинин тапшырмасы менен министрликте коррупциялык схемаларды жоюунун үстүнөн иштеп келгенин, ошол иштердин башында турганын айтты. Министр орун басары пара алды делген чет өлкөлүк компания италиялык “Todini” экенин билдирип, аталган компания ушул жылдын сентябрь айында Түндүк-Түштүк альтернативалык жолунун тилкелеринин биринде 70 чакырымды куруу тендерин утуп алган деди. Калилов тендердик комиссияга Жусубалиев төрагалык кылганын ырастап, комиссиянын корутундусуна кол коюп бергенин айтты.

Ири суммадагы пара менен буга чейин ушул жылдын апрель айында Башкы прокуратуранын башкармалыктарынын биринин жетекчиси Улан Чалбаев кармалганы белгилүү. Ал жарандардын биринен 500 миң доллар пара талап кылып, анын 200 миң долларын алып жаткан жеринен колго түшүрүлгөн. Кийинчерээк пара алууга шектелген Улан Чалбаев акчаны экс-депутат Карганбек Самаковго өкүмдү жумшартуу үчүн алганын Башкы прокуратура маалымдаган. Бул иш боюнча сот процесси баштала элек.

Азимкан Жусубалиевге келсек, министрдин орун басары – бул өкмөт башчынын квотасы. Өкмөт башчы министрлердин орун басарларын дайындоого жана кызматтан алууга укуктуу. Жусубалиев Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчы болуп турганда кызматка келген. Андан бери президент болуп шайланган Жээнбеков президенттик кызматта ишке ашырам деп белсенген негизги иштеринин бири – коррупцияны жоюу экенин жар салып келет. Бирок анын командасында коррупцияны жоюуга ниети жок экенин жогорудагы окуя көрсөттү. Учурда Бишкек ЖЭБин жаңылоо ишинде коррупцияга шектелип эки мурдагы өкмөт башчынын, бир нече чиновниктин абакта отурганы дагы бийликтегилерди пара алуудан токтото албаптыр...

2010-жылкы Июнь коогалаӊына айыпталып сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган Кадыржан Батыров каза болду. “Азаттыктын” Өзбек кызматынын маалыматына таянсак, экс-депутат 4-декабрга караган түнү Украинанын Одесса аймагында көз жумду.

2010-жылкы Июнь каргашасы боюнча көп маалымат билген Кадыржан Батыровдун каза болушу коомчулукта түрдүү ойлорду жаратууда. Эгер Батыров табигый жагдайда каза бөлсо, анда өзү менен кошо көп маалыматты ала кетти. Жүздөгөн бейкүнөө жарандардын өлүмүнө, бир топ адамдардын дайынсыз жоголушуна алып келген Июнь окуясынын келип чыгышы толук иликтенип, аягына чыкты деп айтууга болбойт. Бул окуяга байланыштуу суроолор дагы эле арбын. Убагында Июнь окуясына башка өлкөлөрдүн атайын кызматтарынын да катышы бар деген маалыматтар чыгып, экс-президент Алмазбек Атамбаев бир нече жолу өз сөзүндө бул маанини кыйытканы менен расмий такталган жок. Андыктан каргаша тууралуу көп маалымат билген адам катары Кадыржан Батыровдун өлүмүнө башка өлкөнүн атайын кызматтары "жардам" бериши мүмкүн деген да күмөн жаралат. Атайын кызматтар айрым адамдарды “өлдү” деп чыгарып, башка ысым менен жаңы жашоо берип коюшу да мүмкүн. "Каза болду" деген кабар Июнь каргашасынын эң башкы күбөсүнө жаӊы жашоо бериш үчүн таратылган жокпу? Апрель төңкөрүшүндө жүзгө жакын азаматтардын атылып, каза болушуна айыпталган Данияр Үсөнов деле Беларуста Даниил Урицкийге айланып, ири ишкананы башкарып жатпайбы? Ал журналисттердин "сизди Данияр Үсөнов деп жаткандардын сөзүн четке кагасызбы?" деген суроого "мен Кыргыз Республикасынын премьер-министри болгон Данияр Үсөнов 2013-жылы Малайзияда өлдү деп уккам" деген жооп узатып, ири ишканага башчылык кызматын улантып жүрбөйбү.

Расмий маалыматка таянсак, Июнь окуясы боюнча 5646 кылмыш иши ачылган. Тергөөнүн жыйынтыгы менен 532 жаранга козголгон 336 кылмыш иши сотко жөнөтүлүп, 488 адам сот чечими менен ар кандай жазаларга тартылды. Ал эми 3900 кылмыш иши убактылуу токтотулган. 2017-жылы Кыргызстан элдеринин ассамблеясын жетектеп турган Токон Мамытов өлкөнүн 7 жыл бою Кадыржан Батыровду кайтарып ала албаганына карата мындай оюн билдирген: "Менимче, Батыровдун кылмыш аракеттерин укук коргоо органдары процессуалдык сабаттуу деңгээлде документтештире алган жок. Учурда өлкөгө кайтып келген Батыровдун жардамчыларын эч ким суракка чакырбай жатканы мени таң калтырат. Мунун эч кимге кызыгы жок".

1,5 жыл мурун айтылган бул сөз Июнь окуясы боюнча иликтөө бүтпөй калганын көрсөтүп, буга бийлик кызыкдар болгон эмес деген ойлорду жаратат...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан