Саясат таануучу Игорь Шестаков: "Партиялар өкмөттү түзүүгө аралаша берсе, эртең 500 миң доллар пара алгандар кызматка келишет"

Бүгүн транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен колго түштү. Ал премьер-министрдин квотасы менен кызматка келген болчу.

SUPER.KG порталынын "Премьер-министрдин койгон адамы пара менен кармалса, премьер отставкага кетиши керекпи?" деген соболуна саясат таануучу Игорь Шестаков жооп берди.

Анын пикиринде, эгер премьер-министр дайындоо маселесинде өз алдынча иш жүргүзсө, аны парламенттик фракциялар кызматтан кетирип салышат.

"Премьер-министр жоопкерчилик тартышы керек. Партиялар дайындоолорго аралашып жаткан практиканы жоюшу керек. Анткени мындан улам өкмөткө кесипкөй жетекчилерди эмес, кесипкөй коррупционерлерди же партиялардын мүчөлөрү келүүдө.

Пара алган чиновниктин кайсы партиядан келгенине көңүл буруу керек. Бул катардагы мисал, өкмөт кесипкөй жетекчилерден түзүлүшү керек. Эгер партиялар өкмөттү түзүүгө аралаша берсе, бизде бүгүн 50 миң, эртең 500 миң доллар пара ала тургандар кызматка келе беришет.

Эгер бизде премьер-министр дайындоо маселесинде өз алдынчалыкты көрсөтсө, аны кетирип салышат. Коалиция кайра тарап, парламенттик фракцияларга ыңгайлуу өкмөт башчы келет", - деди Шестаков.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев, укук коргоочу Рита Карасартова, саясий серепчи Нурсултан Акылбек, жарандык активист Канат Мидин уулу, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Асия Сасыкбаеванын пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан