Бүгүн транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен колго түштү. Ал премьер-министрдин квотасы менен кызматка келген болчу.
SUPER.KG порталынын "Премьер-министрдин койгон адамы пара менен кармалса, премьер отставкага кетиши керекпи?" деген соболуна жарандык активист Канат Мидин уулу жооп берди.
Ал Кыргыз чиновнигине кайсы мамлекеттин компаниясы пара берип жатканы талкууланбай жатканын айтты.
“Кылмыш иши менен байланышы болсо, сөзсүз түрдө өкмөт башчы отставкага кетиши керек. Өнүккөн өлкөлөрдө коррупциялык иш менен эмес, жөнөкөй эле бир иш туура эмес жасалып калса, жумушун таштап кетет. Ал эми Кыргыз өлкөсүндө андай эмес.
Транспорт министринин орун басары 50 миң доллар пара алып жатса, бул иш дагы тергелиши зарыл. "Чет мамлекеттик компания биздин чиновникти сатып алганга аракет кылган" деген пикирлер айтылып жатат. Менимче, чет мамлекеттик компаниянын аты аталышы керек. Бул биз ойлогон компания болсо, муну ошол өлкөнүн биздин мамлекетибиздеги саясаты деп мүнөздөсөк болот. Учурда бул жагы талкууланбай жатат. Кыргыз мамлекетиндеги чоң бир министрдин орун басарына пара берип жатса, буга чейин да мындай иштер жасалган деген шек саноо пайда болот”, - деди Мидин уулу.
Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев, укук коргоочу Рита Карасартова, саясий серепчи Нурсултан Акылбек, саясат таануучу Игорь Шестаков, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Асия Сасыкбаеванын пикири төмөнкү шилтемеде.