ЖЫЛНААМА, 7-ДЕКАБРЬ: "Супер-Инфо" гезитинин негиздөөчүсү, экс-министр, Кыргыздын Кореядагы мурдагы элчиси Кылычбек Султан 43 жашка чыкты

Бүгүн, 7-декабрь эң көп нускалуу "Супер-Инфо" гезитинин жана SUPER.KG порталынын негиздөөчүсү, экс-министр, Кыргыз өлкөсүнүн Түштүк Кореядагы мурдагы элчиси Кылычбек Султандын туулган күнү.
Кылычбек Султан Камчыевич 1975-жылы 7-декабрда (документ боюнча 1976-жыл, 4-январь) Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Мырза-Аке айылында туулган. Үй-бүлөлүү, 2 уул, 1 кыздын атасы. Электрондук эсептөөчү техникалардын өндүрүшү тармагы боюнча билим алган, финансы жана кредит бөлүмүндө экономист адистигине ээ болгон.
2002-жылы - “Супер-Инфо” гезитин негиздеген;
2002-2008-жылдары - "Супер-Инфо" гезитинин башкы редактору;
2005-жылдын ноябрь айында www.super.kg порталын негиздеген;
2008-2009-жылдары - ЭлТР телеканалынын башкы директорунун орун басары;
2009-2012-жылдары - "Компьютер-Пресс" жоопкерчилиги чектелген коомунун президенти;
2012-жылы - КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы;
2012-2013-жылдары - Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүктүрүү министри;
2014-жылдын 20-ноябрынан 2016-жылдын 18-августуна чейин Кыргыздын Малайзиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси;
2016-жылдын 5-декабрында өзгөчө тапшырмалар боюнча элчи - тышкы иштер министринин кеңешчиси болуп дайындалган.
2017-жылдын 28-октябрынан 2018-жылдын 12-октябрына чейин Кыргыздын Корея Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп иштеген.
Сыйлык-наамдары:
2008-жылы - “Улуттук гезит” сыйлыгынын “Жылдын медиаменеджери” наамынын ээси болгон.
2011-жылы - Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.
7-декабрга карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан