Бүгүн, 7-декабрда "КСДП Атамбаевсиз" кыймылынын өкүлдөрү маалымат жыйын өткөрүп жатышат. Анын мүчөсү Сагынбек Абдырахманов бир канча аймактарда КСДП партиясынын жыйындары Алмазбек Атамбаевсиз өткөнүн айтты. Ошондой эле Бишкектеги партиянын жыйынына Алмазбек Атамбаев партиянын саясий кеңешинин мүчөлөрүн чогулта албаганын билдирди.
"Партиянын жыйынына Ирина Карамушкина келип, каршы пикирин билдирип жатты. Жакынкы күндөрдө Ленин жана Октябрь райондорунда Атамбаевсиз партиянын жыйыны болот. Атамбаев бир учурда партиянын өкүлү болгон. Бирок ал өзүн мыйзамдан да жогору коюп калды. Ал мындан ары өзүн жана өзүнүн "досторун" коргоо үчүн партиянын колдонбошун талап кылабыз. Партиянын мүчөлөрүн съездге чакырабыз. Атамбаев кантип болсо да партияны көзөмөлдөп калууну максат кылып жатат. Бүгүн Биз "КСДП Атамбаевсиз" деп жарыялайбыз", - деди Абдырахманов.