КҮНСЕРЕП: Депутаттардын сындарга сезимталдыгы жогорулап баратат

Бүгүн, 7-декабрь. Күн ичинде болгон окуяларга сереп салабыз.

Жогорку Кеӊештин дарегине айтылып жаткан сындар депутаттарды чычалатып жатат.

6-декабрда вице-спикер Мирлан Бакиров: "Азыркы парламент жаӊы технология менен шайланды. Гендердик теӊдик, жаштар маселелери эске алынды. Парламент - бул биржа. Базаркомдор отурат деген сөздөр парламентке шек келтирүүдө. Акарат келтиргендер тизгинин тартсын", - деп чыкты. Жакында президент Сооронбай Жээнбеков 27 жыл ичиндеги өлкөнүн экс-премьер, экс-спикерлери менен жолуккан. Ал жыйында Адахан Мадумаров "бүгүн Жогорку Кеӊештеги ар бир депутаттын баасы 6 миллион сом. Булар элдин добушун алып келишкен жок, акчаны таразага салып келишти. Бүгүнкү парламент - бул биржа" деген эле. Коомдук ишмер Азимбек Бекназаров да азыркы Жогорку Кеӊеш депутаттарына акча менен келгендер деген баа берген. Буга чейин экс-премьер Сапар Исаков депутаттарды "саясий өлүктөр" деп атаса, экс-премьер Жантөрө Сатыбалдиев да SUPER.KGге берген маегинде азыркы депутаттарды базардан келгендер деп сындаган. Сынга чычалоо баарынын колунан келет. Депутаттар өкмөттүн, президенттик команданын, прокуратура, УКМК өңдүү органдардын ишине тийиштүү деңгээлде көзөмөл жасашса, президенттен өз алдынча өкмөттү курай алса, мындай сындарды укпасы турган иш. Парламенттин аброю Мадумаровдун же Бекназаровдун сыны менен эмес, депутаттардын иш-аракети менен бааланат. Жогорку Кеӊештин күчү, өз миссиясын канчалык деӊгээлде аткарып жатканы тагдыр чечүүчү иштерде көрүнөт. Элдин парламентке пикири да ушундай иштерде калыптанат. Мисалы, 2017-жылы "Кумтөрдө" мөӊгүлөрдү талкалап алтын казууга уруксат берүүчү мыйзамды парламентте 63 депутат колдоп добуш берген. 2017-жылы кесиптеши Өмүрбек Текебаевди аэропорттон колун кайрып кармап кеткенде, Садыр Жапаров СИЗОдо денеси кескиленип канга чыланганда парламентке элдин атынан шайланып келгендердин дээрлик бардыгы үн катышкан эмес. Жакында депутат Дастан Бекешев мамлекеттик бюджеттин эсебинен той өткөрүүнү токтотууну сунуштады эле көпчүлүк депутаттар колдобой коюшту. Бул окуялардын баарында жарандык коом Жогорку Кеӊешти катуу сындап, жемелегени ырас. Түздөнөлү дегендин ордуна депутаттар сынчылардын оозун жабуу менен убара...

Эл аралык "Манас" аэропортунун башкармалыгынын төрагасы болуп Нурлан Акматов дайындалды.

Үч күндүн ичинде "Манаска" 3 жолу жетекчи дайындалды. Аэропортту 2015-жылдан бери жетектеп келе жаткан Эмир Чукуев 3-декабрда кызматтан кеткен соӊ, анын ордуна Абдималик Бусурманкулов дайындалды деген маалымат жарыяланды. Коомчулукта Бусурманкуловго карата "президент Сооронбай Жээнбековдун жердеши. Бир тууган агасы Эмилбек Бусурманкулов өкмөттүк аппараттын жетекчисинин орун басары" деген сындар айтылып, эртеси Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду аны кайра кызматтан бошотту. Мындан кийин "Манас" аба майданын жетектөөгө дайындалды деп Мирлан Бегалиевдин ысымы аталды. Бул адамга карата "кримавторитет Камчы Көлбаевдин кудасы" деген сын айтылып жатты. Көп өтпөй Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Ренат Түлөбердиев аэропортко Нурлан Акматов жетекчи болуп дайындалганын билдирди. Ал Бусурманкулов дайындалып, кайра кызматтан алынды деген маалыматты төгүнгө чыгарып, Мирлан Бегалиев кызматка убактылуу дайындалганын белгиледи. Жаӊы жетекчи Нурлан Акматов - мурдагы бажы кызматкери. 2007-жылдан 2010-жылга чейин Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасы болуп турган. Өмүр баянынан Акматов 2011-жылдан бери "Газпром" компаниясында иштегенин көрүүгө болот. Адвокат Улан Жумаков Нурлан Акматов аталган кызматка дайындалган соң Бакиевдин кадрлары жогорку кызматтарга кайтып жатат деп сындады. Буга чейин Досалы Эсеналиев президенттик аппараттын башчысы болуп дайындалганда да ушундай сындар айтылган. Кечээ каржы министри Адылбек Касымалиев кызматтан бошотулду. Тар чөйрөдө анын ордуна Бактыгүл Жээнбаева келет деген сөздөр айтылууда. Жээнбаева Бакиевдин тушунан бери банк тармагында, жооптуу кызматтарда иштеп келген. Быйыл июль айында президент Сооронбай Жээнбеков аны өзүнө кеӊешчи кылып дайындаган. Каржы министринин орду президенттин кеӊешчиси үчүн бошотулдубу деген суроо ачык бойдон калдууда...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан