Жогорку Сот: "Ата журтчу" 3 депутат боюнча сот отуруму башталды

Бүгүн, 16-июлда Жогорку Сотто “ата журтчу” 3 депутат боюнча соттук отурум башталды. Ага айыпталып жаткан депутаттардын жактоочулары, жабырлануучулар, мамлекеттик айыптоочулар жана журналисттер катышууда. Сот ишине төрагалык кылуучу судья журналисттерге ар бир телеканалдан же редакциядан бирден гана кабарчы калтыруу сунушун берди. Бул пикирге жактоочулар каршы болушуп, анда журналисттер “заказ боюнча ушундай болду деп чыгышат" деген пикирлерин айтышты. Учурда соттук отурумду кыргыз тилинде же орус  тилинде өткөрүү маселеси талкууланууда. Ошондой эле соттук токтомду 2 тилге которуу сунушун жактоочулар киргизди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан