Жогорку Сот: Садыр Жапаров сот отурумуна катышууга келип, бирок зал толо экенин көрүп кайра кетип калыптыр

Бүгүн, 16-июлда Жогорку Сотто айыпталуучу депутат Талант Мамытовдун жактоочусу Искендер Журабаев депутаттар Садыр Жапаровду, Талант Мамытовду жана Камчыбек Ташиевди соттук отурумга катышуусун камсыз кылууну өтүндү. Айтымында, аларсыз соттук отурумду улантууга болбойт. “Бул сот залында ар кандай максатты көздөгөн адамдар бар экендиги тууралуу маалыматтар бар. Алар соттук отурумга катышуусу керек”,- деди жактоочу. Жактоочусу Шарабидин Токтосунов депутат Садыр Жапаров сотко келгенин, бирок залда орун жок экенин көрүп кайра кетип калганын айтты. Ал эми судья: “кааласа катышышсын, биз аларга чек койгон жокпуз. Соттук отурумга катышууга укугу бар”- деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан