Ысык-Көл. Облус башчы Эмил Каптагаев "эгер "Каприз" мейманканасы сатылып кетсе, сөзүмө туруп иштен кетем" дейт

15-июлда өкмөттүн облустагы өкүлү Эмил Каптагаев Ак-Суу районунун тургундары менен жолугушту. Жолугушууга райондун Жол-Колот айылынын тургундары катышып, райондун аймагында жайгашкан "СК Ресурс" жана  "Каприз" ЖЧКларынын сатыкка коюлушуна жалпы район эли каршы экендиктерин билдиришти. Октябрь айылдык кеңешинин депутаты Алмаз Иманалиев өз сөзүндө аталган мейманканалар жакшы иштесе, өкмөткө бир топ киреше алып келерин белгилеп, анын сатылышына район эли каршы экендигин айтты. Эмил Каптагаев ар  бир маселени чечерде жергиликтүү тургундардын пикирин эске аларын билдирип, тийиштүү жетекчилерге район элинин бул пикирин жеткирерин, мейманканалар сатылбай тургандыгына кепилдик берерин айтты. “Эгерде мейманканалар сатылып кетсе, мен сөзүмө тура албадым деп отствкага кетүүгө даярмын”,- деп белгиледи. Кошумчалай кетсек, Ак-Суу районунун Салык кызматынын билдиришинче, 2012-жылы "Каприз" мейманканасы 826 миң сом салык төлөгөн.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан