Жогорку Кеңештин комитети финансы министри кызматына талапкердин маселесин журналисттерсиз карап жатат

Бүгүн, 10-декабрда Жогорку Кеңештин комитети финансы министри кызматына талапкердин маселесин жабык эшик артында карап жатат.

Бул кызматка Бактыгүл Жээнбаева сунушталууда.

Буга чейин депутат Исхак Масалиев парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин жыйыны 11-декабрдан 10-декабрга жылдырылганын айткан.

Бактыгүл Жээнбаева президенттин кеңешчиси болуп июль айында дайындалган.

Адылбек Касымалиев финансы министри кызматынан өз арызынын негизинде 6-декабрда кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан