УКМК казакстандык активисттин үй-бүлөсү Бишкекте кармалганы боюнча маалыматка жооп кайтарды

Буга чейин чет өлкөдө качып жүргөн казакстандык активист Жандос Алимкулов үй-бүлөсү "Манас" аэропорту аркылуу Европага учар алдында кармалып, учактан түшүрүлгөнүн социалдык түйүндөгү баракчасына жазып чыккан.

Аталган жагдайга байланыштуу УКМКнын маалымат кызматы бүгүн, 10-декабрда түшүндүрмө берди. Андагы маалыматка караганда, Алимкуловдун жубайы Динара Байтасова 5 жана 9 жаштагы эки кызы менен 6-декабрь күнү Бишкек-Москва каттамы аркылуу Москва шаарына учуу үчүн "Манас" аэропортундагы көзөмөл өткөрүү жайынан өтүп жатканда кармалган.

Анда чек арачылар Байтасованын паспортуна Кыргыз өлкөсүнүн аймагына киргени боюнча мөөр басылбаганы жана автоматташтырылган системге катталбаганы үчүн кармашкан. Кийин чек арачылар тийиштүү документтерди толтурган соң Казак жаранын эки кызы менен УКМКнын аймактык бөлүмүнө өткөрүп беришкен.

Бирок УКМК кызматкерлери текшерүү маалында катачылык Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлери тарабынан болгонун аныктап Байтасованы бошоткон.

"Мындан улам УКМК Байтасованын эки кызы менен учактан түшүрүлгөнүнө тиешеси жок экенин билдиребиз. Ал эми Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлери боюнча чогултулган тийиштүү материалдар Аскер прокуратурасына жиберилет", - деп билдиришти УКМКдан.

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Tunerbei1812
2018-12-10 21:18:56
Куноосуз адамдардын канча нервин, ден соолугун жешти. Эн жонокой кечирим суроо дегенди билишпейт кыргыздын торпоктору.
+1
Gulnyr19
2018-12-11 01:52:56
Жогоруда Атамбаев эмне деп салган дагы тирешүү күч алып жатабы дейм түндүк түштүк деп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан