Депутат Дастан Бекешев: "Чиновниктердин байлыгын текшерүү тандалма жол менен жасалбашы керек"
Экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев камакка алынып, 2 айга тергөө абагына киргизилди. Ага "мыйзамсыз баюу" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Зилалиевдин декларациясына көрсөтпөй койгон батир, үй жана жер тилкелери бар экендиги аныкталды. Ошондой эле банкта 889 миң 900 доллар акчасы катылганы тууралуу расмий маалыматты Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен таратышты.
SUPER.KG порталынын "Кыргыз чиновниктеринин арасында байлыгын декларацияга киргизбеген жалгыз эле Зилалиевби?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жооп берди.
Депутат текшерүү жүрсө, байлыгын декларацияга киргизбеген чиновниктер көп чыгарын айтты.
“Кыргыз мамлекетиндеги чиновниктердин басымдуу бөлүгү байлыгын декларацияга киргизбейт. Бир гана экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев эмес. Чиновниктердин байлыгын текшерүү тандалма жол менен жасалбашы керек. Мисалы, Райымбек Матраимовду өтө бай адам деп баары билет. Бирок декларациясын карасак, эч нерсеси жок. Өзүмдүн кесиптештеримдин арасында деле байлыгын декларацияга киргизбегендер толтура. Алар өзүнө тиешелүү мүлктү башка бирөөгө каттатып коёт. Эгерде мыйзамдын негизинде текшерүү болсо, байлыгын декларацияга киргизбеген чиновниктер четинен суурулуп чыгат.
Азыркы бийлик каттоодо жок байлыкты текшерүүнү Зилалиевден баштагандыр. Мындан ары дагы чиновниктердин декларацияга киргизбеген байлыктары текшерилип калышы мүмкүн. Бирок азырынча так айта албайм. 2012-жылы “Мыйзамсыз киреше боюнча” мыйзам долбоорун киргизгенбиз. Аталган мыйзам долбоору кабыл алынып, тилекке каршы, ушул учурга чейин иштебей келет. Бул мыйзам иштеши керек. Себеби көп чиновниктердин айдаган унаасы 3 бөлмөлүү батирдин баасына тете. Алар мамлекеттик кызматта иштеп жатып кайсы каражатка мындай кымбат унааларды алып жатышат?” - деди эл өкүлү.
Жогорку Кеңештин экс- депутаты Равшан Жээнбеков, саясатчы Азимбек Бекназаров, укук коргоочу Рита Карасартова, конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, эксперт Руслан Акматбектин пикири бул шилтемеде.