Экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев камакка алынып, 2 айга тергөө абагына киргизилди. Ага "мыйзамсыз баюу" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Зилалиевдин декларациясына көрсөтпөй койгон батир, үй жана жер тилкелери бар экендиги аныкталды. Ошондой эле банкта 889 миң 900 доллар акчасы катылганы тууралуу расмий маалыматты Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен таратышты.
SUPER.KG порталынын "Кыргыз чиновниктеринин арасында байлыгын декларацияга киргизбеген жалгыз эле Зилалиевби?" деген соболуна саясатчы Азимбек Бекназаров жооп берди.
Ал чиновниктер байлыгын декларацияга киргизбесе, алардын артынан кууп, мажбурлоо керек деген пикирде.
"Мыйзамсыз киреше” боюнча мыйзамдын алкагында иш жүргүзүлүшү керек. Чиновниктер байлыгын декларацияга киргизбесе, аларды артынан кууп, мажбурлоо керек. Эгерде байлыгын декларацияга киргизбесе, айып пул салуу зарыл. Бул мамлекеттин түздөн-түз иши болуп саналат. "Чү" дегенде эле президенттен баштаса, калганы артынан ээрчимек. Ал эми оппозицияда жүргөн чиновниктин байлыгын, аялына канча мүлк катталганына чейин чукуп жатып калышат. Мыйзамдуу талаптарды аткарышпайт. Мен бул ишти мамлекеттик бийликтин шалаакылыгы деп эсептейм. Мыйзамсыз баюу тууралуу маселе Зилалиевденби же Текебаевденби баары бир айтылмак. Бирок бизде бардыгы тандалма, жасалма түрдө болуп жатат. Коррупция менен күрөшсө деле, тандалма күрөш жүрөт. Бутакты тамырынан баштабай, ар кайсы жеринен кыркышат", - деп билдирди Бекназаров.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев, экс-депутат Равшан Жээнбеков, укук коргоочу Рита Карасартова, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, эксперт Руслан Акматбектин пикири бул шилтемеде.