Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова: "Менимче, жакында Зилалиевден башка адамдар да “мыйзамсыз баюу” беренеси боюнча жоопкерчиликке тартылат"

Экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев камакка алынып, 2 айга тергөө абагына киргизилди. Ага "мыйзамсыз баюу" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Зилалиевдин декларациясына көрсөтпөй койгон батир, үй жана жер тилкелери бар экендиги аныкталды. Ошондой эле банкта 889 миң 900 доллар акчасы катылганы тууралуу расмий маалыматты Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен таратышты.

SUPER.KG порталынын "Кыргыз чиновниктеринин арасында байлыгын декларацияга киргизбеген жалгыз эле Зилалиевби?" деген соболуна конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова жооп берди.

Анын пикиринде, чиновниктерди текшерсе, Зилалиевдикиндей мыйзам бузуу баарынан чыгат.

“Декларацияны чиновниктер 2008-жылдан бери эле толтурушат. Бирок формалдуу түрдө гана болуп келген. Толтуруу формасын туура жаздыбы деп эле текшерип, башкасына көңүл бурчу эмес. Өнүккөн мамлекеттерде декларация коррупцияга каршы күрөшүүнүн негизги фактору катары каралат. Декларацияны Мамлекеттик каттоо кызматы жана Мамлекеттик салык кызматындагы маалыматтар менен салыштырышат. Кийин тегерегиндеги адамдарды текшеришет.

Биз “президенттин кол астында декларацияларды текшерүүчү комиссия түзүп, ага коомчулуктан да өкүлдөрдү киргизип, ачык текшерели” деп сунуш бердик. Бирок колдоо тапкан жок. Азыр бул боюнча Коопсуздук кеңеши иш алып барып жатат. Эмне үчүн Зилалиевден баштаганын билбейм. Ал өлкөдөн чыгып кетүү аракетинен улам кармалды окшойт. Чиновниктерди чукуп текшерсе, мыйзам бузуу баарынан чыгат. Эгер мындай иш-аракет жасалса коррупционерлерден аз да болсо тазаланып калмакпыз. “Мыйзамсыз баюу” беренеси 2012-жылы киргизилген. Бирок жакшы иштебей жаткан. Жакында Зилалиевден башка адамдар да аталган берене боюнча жоопкерчиликке тартылат. Бул боюнча иш жүрүп жатат”, - деди Сооронкулова.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев, экс-депутат Равшан Жээнбеков, саясатчы Азимбек Бекназаров, укук коргоочу Рита Карасартова, эксперт Руслан Акматбектин пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан