Укук коргоочу Рита Карасартова: "Зилалиев ушул маселе менен камала турган болсо, анда бул саясий куугунтук болуп калат"

Экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев камакка алынып, 2 айга тергөө абагына киргизилди. Ага "мыйзамсыз баюу" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Зилалиевдин декларациясына көрсөтпөй койгон батир, үй жана жер тилкелери бар экендиги аныкталды. Ошондой эле банкта 889 миң 900 доллар акчасы катылганы тууралуу расмий маалыматты Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен таратышты.

SUPER.KG порталынын "Кыргыз чиновниктеринин арасында байлыгын декларацияга киргизбеген жалгыз эле Зилалиевби?" деген соболуна укук коргоочу Рита Карасартова жооп берди.

Укук коргоочунун айтымында, Кыргыз чиновниктеринин арасында байлыгын декларацияга киргизбеген жалгыз эле Зилалиев эмес. Бул иш миңдеген чиновниктин ичинен тандалма жасалып жатат.

“Декларацияларга Салык кызматы иликтөө жүргүзүп, текшерет. Салык кызматынын бул маселени иликтөөгө колу жетпейт. Кыргыз чиновниктеринин арасында байлыгын декларацияга киргизбеген жалгыз эле Зилалиев эмес. Бул ишти миңдеген чиновниктин ичинен тандалма жасап жатышат.

Мурда президент Сооронбай Жээнбековдун кызматка киришүү аземи күнү бомба тууралуу жалган маалымат таратканы боюнча "колу менен жасаганды, башы менен тартсын" деп айткам. Ал эми азыркы болуп жаткан кырдаал, бул саясий куугунтукка окшошуп бара жатат. "Декларацияга байлыгыңды жазып көрсөткөн жоксуң" деп чоң айып пул салып коюш керек болчу. Мындай кадам башкаларга көрсөткүч болмок. Бүгүнкү күнгө чейин ушул берене боюнча бирөө дагы айып төлөгөн жок. Ачык эле аттары айтылып, "Раим миллион" дегенге чейин жетип жатышат. Канча мүлкү бар экен? Аркасында эмне бар? Бир туугандары каражатты каяктан таап жатканы тууралуу маселени иликтеген эч ким жок. Салык кызматы декларация тапшырды дегенден башка эч нерсе билбейт. Ушул маселе менен жоопко тартылып камала турган болсо, анда бул саясий куугунтукка жатып калат”, – дейт укук коргоочу.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев, экс-депутат Равшан Жээнбеков, саясатчы Азимбек Бекназаров, конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, эксперт Руслан Акматбектин пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан