Ысык-Көл. 20 жаштагы жигит айылдаштарынын бирине бычак сайып, экинчисин балта менен урган

Ысык-Көлдүн Ак-Суу районуна караштуу Ак-Булак айылынын 20 жаштагы тургуну Ж.Бактияр мас абалында өзүнүн айылдашы О.Саматты бычак менен сайып салган. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов кабарлады. Маалыматка таянсак, 14-июль күнү саат 22:00дөр чамасында кармалган адам өзүнүн жердештери Ж.Аваз жана О.Самат менен арак ичип отуруп уруша кетишкен. Алардын ортосунда чыр чыгып, натыйжада эки жигит биригип, Бактиярды сабап коюшкан. Ызаланган Бактияр үйүнө келип балта, бычак алып чыгып, сабаган эки жигиттин бирине бычак сайып, экинчисин балта менен урган. Жабырлануучулар алган жаракаттарынан улам райондук ооруканага жеткирлген.Учурда алардын абалдары орто. Ал эми кармалган Ж.Бактияр Ак-Суу РИИБинин убактылуу кармоочу жайында, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан