"Биздин партия президенттикке талапкер кылып кимди алып чыгабыз дегенде, мен элдин ынтымагы, биримдиги үчүн түштүктөн бир талапкер алып чыгалы деп ойлогом". Мындай пикирин экс-президент Алмазбек Атамбаев "Апрель" телеканалына маек берип жатып айтты.
Атамбаевдин айтымында, жанындагы адамдары ага маалыматтарды толук жеткирбей жүргөнүн белгиледи.
"Түштүктү ойлоп баштаганда акылыма ушул Сооронбай Жээнбеков менен эле Асылбек Жээнбеков келди. Бир жылдан бери эмнеге адаштым деп ойлонуп жатам, анан эстесем, түштүктөгү кадрлар боюнча толугу менен Сооронбай Жээнбековго ишенчүмүн. Эски досум деп ишенчүмүн. Анан жакшылап ойлонсом, бир да түштүктүн кадры боюнча мага жакшы сөз айтпаптыр. Мен да ишенчүмүн да, ошондуктан, түштүктөн бирөөнү тандайбыз дегенде болгону Сооронбай Жээнбеков менен Асылбек Жээнбеков келиптир акылыма.
Албетте, бул менин чоң катам. Бир адамга ишенген, бул менин күнөөм. Албетте, президент кезимде, андан мурун деле кадр маселесине жакшылап көңүл бурсам болмок экен. Сатты беле, саткан жок беле, кандай жүрөт деп ойлонсом болмок экен. Мага бир топ маалыматтар эми жетип жатат. Тилекке каршы, жанымдагы ишенген адамдарым дагы мага бир топ маалыматтарды жеткирчү эмес экен", - деди ал.