8-июлдан 15-июлга чейин Бишкекте жүргүнчүлөрдү ташыган 16 кичи автобус каттамдан четтетилди. Себеби алардын техникалык жана санитардык абалы талаптарга жооп бербейт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Ал эми Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык транспорт башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кичи автобустардын техникалык, санитардык абалын жана айдоочулардын жүргүнчүлөрдү тейлөө маданиятын жакшыртуу боюнча үзгүлтүксүз иштер жүргүзүлүп турат.