Бүгүн, 11-декабрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйыны өтүүдө. Анда "Эйр Кыргызстан" авиакомпаниясындагы абалы каралып жатат. Баяндаманы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Ренат Түлөбердиев жасамак. Ал жыйынга келген жок. Анын ордуна орун басары Бекболот Алиев келди.
Депутат Улугбек Ормонов: "Бул актуалдуу маселе болуп саналат. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы комитет жыйынына атайын келбей койсо, чечим кабыл алышыбыз керек", - деди.
Бекболот Алиевдин айтымында, Ренат Түлөбердиев тегерек столго катышып жатат. "Тегерек столду Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети уюштурган. Алардан расмий кат келип, төрага ошол жыйынга катышууга барды", - дейт Алиев.