Бүгүн, 16-июлда саат 6:00дө 5-6-кичи райондорунун аймагында жайгашкан Түштүк Чоң Чүй каналын тазалоо иштери башталды. Бул иштер “Тазалык”, “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканалары тарабынан жүргүзүлүүдө. Анда каналдын ичи-тышындагы чөптөрдү тазалап, жээгиндеги бак-дарактар буталууда. Көпүрөгө жаңы үлгүдөгү таштандыларды таштоочу 4 урна коюлду. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, жалпысынан канал 3,5 чакырым аралык тазаланып, 300-800 куб таштандыларды чыгаруу белгиленүүдө. “Каналдын мындай абалын чыдап карап турууга мүмкүн эмес. Мындан мурда Ала-Арча суусунун агымы боюнча Чоң Чүй каналынын 3 чакырымын тазалаган элек, ага карабастан шаардыктар каналды булгоону улантышууда. Жергиликтүү бюджеттен каналдарды тазалоо үчүн 300 миң сом каражат бөлүндү”,- деди шаар башчысы Иса Өмүркулов.