Декларация: Транспорт жана коммуникация министрлигинин статс-катчысы Максатбек Дыйканов 2012-жылы 980 697 сом киреше тааптыр
Транспорт жана коммуникация министрлигинин статс-катчысы Максатбек Дыйканов 2012-жылы негизги иш ордунан 375 697 сом, башка булактардан 665 миң сом киреше тааптыр. Бул маалымат анын бир жылдык кирешеси жана үй-мүлкү тууралуу тапшырган декларациясында көрсөтүлгөн. Кыймылсыз жана кыймылдуу мүлкү тууралуу эч нерсе жазган эмес. Ал эми бул мамкызматкердин жакындары 2012-жылы 2 миллион 292 миң 750 сом киреше тапса, Мерседес Е500 унаасына ээлик кылышат. Алардын кыймылсыз мүлктөрү төмөнкүлөр: 250 чарчы метр аянтты ээлеген административдик мекеме, 204 чарчы метр жерди ээлеген үй, 57 чарчы метр жерди ээлеген батир жана 28 чарчы метр аянтты ээлеген 2 контейнер.