Мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаев "Апрель" телеканалына маек берип жатып Өмүрбек Бабановго каршы козголгон кылмыш иши жабылышы керек деген оюн айтты. Белгилүү болгондой, президенттикке талапкерлигин койгон Бабанов 2017-жылдын 15-октябрында шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен боюнча кайткан эмес. Кийин ал саясаттан биротоло кеткенин жарыялаган.
SUPER.KG порталынын "Өмүрбек Бабанов саясатка кайтышы керекпи?" деген соболуна саясат таануучу Жолборс Жоробеков жооп берди.
Ал Өмүрбек Бабановду Кыргыз мамлекетине чакыруу зарыл экенин белгиледи.
“Бабановдун Он-Адырда айткан сөзү, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолукту дегендин бардыгы болбогон нерселер. Ал саясатка кайтабы же жокпу, өзү чечет. Бирок Бабанов Кыргыз мамлекети үчүн пайда алып келмек. Анткени ал ишкер жигит. Орусияда, башка жактарда тааныштары көп болгондуктан инвестиция тартканга мүмкүнчүлүгү бар. Ушундай жактарын карап туруп, албетте, аны Кыргыз өлкөсүнө чакыруу зарыл.
Бабанов Кыргыз мамлекетине пайдасын тийгизиши керек. Азыркы президентибиз ушундай жигиттерди пайдаланып инвестиция тартуусу шарт. Ал эми Он-Адырда сүйлөгөн сөзү, Назарбаев менен жолугушту деген бул суу кечпеген нерсе экенин Атамбаев маегинде айтты. Он-Адырда Бабанов улуттар аралык кастыкты күчөтө турган эч нерсе айткан эмес. Ал эми Назарбаев 28 жылдан бери Казакстанды жетектеп жүргөн кыраакы киши. Назарбаев президент Сооронбай Жээнбеков менен апрелде жолукканда деле Бабановго айткан сөзүн билдирген. Ал кыргыздар кимди шайласа ошону менен иштей беребиз дегендей пикир калтырган”, - деди Жоробеков.
Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Руслан Казакбаев, саясат таануучулар Даниел Кадырбеков, Игорь Шестаков, жарандык активист Адил Турдукуловдун пикири төмөнкү шилтемеде.