Мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаев "Апрель" телеканалына маек берип жатып Өмүрбек Бабановго каршы козголгон кылмыш иши жабылышы керек деген оюн айтты. Белгилүү болгондой, президенттикке талапкерлигин койгон Бабанов 2017-жылдын 15-октябрында шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен боюнча кайткан эмес. Кийин ал саясаттан биротоло кеткенин жарыялаган.
SUPER.KG порталынын "Өмүрбек Бабанов саясатка кайтышы керекпи?" деген соболуна жарандык активист Адил Турдукулов жооп берди.
Ал Өмүрбек Бабановдун саясатка кайтып келишине бүт мүмкүнчүлүктөр бар экенин айтты.
“Бабанов саясатка кайтып келеби же келбейби, өзү чечет. Ал тагдырын өзү аныктайт. Менин оюмча, анын саясатка кайтып келишине бүт мүмкүнчүлүктөр бар. Анткени акыркы президенттик шайлоодо ал экинчи орунду ээлеген. Бабановдун шайлоого аттанганы Кыргыз тарыхында алгачкы жолу шайлоонун атаандаштык менен өтүүсүнө себеп болду. Акыркы шайлоодо анын ролу жакшы болду. Ал жакшы прецедент түзүп берди.
Ошол эле учурда катасын айтпай койсо да болбойт. Бабанов өзүнө кылмыш иши козголобу же жокпу, Кыргыз өлкөсүндө калып, күрөшө турганын көрсөтсө болмок. Мисалы, Өмүрбек Текебаев камаларын билип туруп чындыгынан тайбай, ак экенин көрсөтүп, Кыргыз мамлекетине кайтып келген. Бабанов болсо бизнес үчүнбү же башка себеп мененби, чет жакка чыгып кетти. Ошондуктан ага карата элдин арасында, өзгөчө аны колдогондордун арасында терс пикирлер жаралган. Колдогон элдин ишенимин кайтарып алуу үчүн Бабановдон чоң эмгек жана убакыт талап кылынат. Балким, Алмазбек Атамбаев же Адахан Мадумаров менен коалиция түзүп мүмкүнчүлүк табат деп ойлойм”, - дейт Турдукулов.
Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Руслан Казакбаев, саясат таануучулар Даниел Кадырбеков, Игорь Шестаков, Жолборс Жоробековдун пикири төмөнкү шилтемеде.