1-августтан баштап Кыргызстандагы айыл өкмөт башчыларынын маянасы 2 эсе көтөрүлө турганын бүгүн, 15-июлда Баткен облусундагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен болгон жолугушууда Мамлекеттик кадр кызматынын директору Аалы Карашев билдирди. "Президенттин тийиштүү жарлыгына ылайык, 1-августтан баштап айыл өкмөт башчыларынын айлыгы 200-250 пайызга жогорулайт",- деди Карашев. Айтымында, учурда айыл өкмөт башчыларынын орточо айлык акысы 2671 сом. "Министрликтер менен мекемелердин кызматкерлеринин орточо маянасы 16 850 сом, айыл өкмөт башчысынын айлыгынан 7-8 эсеге көп",- деди ал. Карашев айлык көтөрүлгөнү менен, ал градация системи аркылуу бериле турганын кошумчалады. Башкача айтканда, бир эле бөлүмдө иштеген эки башкы адис эки башка өлчөмдө маяна алат. Айлыкты эмгек тажрыйбасына, квалификациясынын деңгээлине жана жасаган ишине жараша алышат.