Бүгүн, 16-июлда Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов шаардагы Монуев көчөсүнүн курулуш иштери менен таанышты. Шаар башчысы менен кошо вице-мэр Рустам Мирзаматов, мэриянын кызматкерлери жана шаардагы башкармалыктардын жетекчилери аткарылып жаткан иштерди көрүп чыгышканын мэриядан билдиришти. Вице-мэрдин айтымында, аталган унаа жолунун курулушу аяктоо алдында турат. Мырзакматов жолдун курулушуна жооптуу жетекчилерге бир нече эскертүүлөрдү айтуу менен тапшырмаларды берди. Тактап айтканда, тротуарда жаткан бетон бөлүкчөлөрүн тез арада алып салуу, люктардын капкактарын жабуу, көчөнүн эки тарабына тең жарык берүүчү лампаларды тагуу тапшырмалары берилди.