ЭЛДИК КАБАР: "Бишкек-Токмок каттамындагы поезд жолдон токтоп калып жатат, себеби түшүнүксүз" дейт окурман

Бишкек-Токмок каттамындагы поезд элди салып алып, талаада токтоп калып жатат. Бул тууралуу маалыматты окурман "ЭЛДИК КАБАРГА" билдирди.

"Ушуну менен экинчи жолу кайталанууда. Токмокко баратканда поезд жолдон токтоп, жылбай калып жатат. Бүгүн да Кант шаарына жетпей талаадан токтоп калды. 4 саатка жакын жолдо турдук. Машинист жана башка кызматкерлерден себебин сурасак түшүндүрүп беришкен жок. Жумушубуздан кечигип, жетекчиликтен тил уктук. Мындай сапарга чыгарда поездди толугу менен техникалык кароодон өткөрүп алса болбойт беле?" - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан