15-июлда Таластагы “Чоң Капка” чек ара тозотуна караштуу аймактан аткезчилик жүк жүктөгөн унаа кармалды. Бул тууралуу 16-июлда Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, ГАЗ-53 автоунаасында 3 тонна сүт азыгы болгон. Текшерүүдө азыктын тиешелүү документтери жок экендиги белгилүү болду. Унаанын ээси жана унаадагы жүк укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.