Депутат Айсулуу Мамашова: "Атамбаевдин айтканы туура эмес. Насыя, гранттар Кыргыз өлкөсүнө берилген"

Экс-президент Алмазбек Атамбаев акыркы берген маегинде азыркы бийлик ал тапкан каражаттарды иштетүү менен эле алек болуп, көрүнүктүү иш жасабай жатканын айтты. "Мен Сооронбай Жээнбековду уксам, эч нерсе кылбай эле азыркыдай отурушум керек экен да. Эми буларга го жыргал, орустардан жарым миллиард доллар алып келип, фонд ачып койгом, ишканалар ачыла берет. Жээнбеков барып, ишканалардын лентасын кесе берет", - деди Атамбаев.
SUPER.KG порталынын "Атамбаев "Жээнбеков мен тапкан акчага ачылган ишканалардын лентасын кесип жүрө берет эми" деди. Азыркы бийлик өз алдынча көрүнүктүү иштерди жасай алдыбы?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова жооп берди. Депутат экс-президент Алмазбек Атамбаевдин айтканына кошулбай турганын айтты.
“Бүгүнкү күндө келген насыя, гранттардын бардыгы жеке бирөөнүн акчасы эмес, мамлекеттик акча. Экс-президенттин айтканы чоң жаңылыштык деп айтсам болот. Бул акчалар Кыргыз өлкөсүнө берилген. Ошондой эле депутат катары бүгүнкү күндө президентибизге ыраазымын. Анткени чыныгы коррупцияга каршы күрөш жүрүп жатат. Мисалы, Дүйшөнбек Зилалиевди айтсак, кандай байлыгы бар экени маалымат каражаттарында жарыяланды. Бул коррупцияга каршы күрөш иши чиновниктерге коңгуроо болуп, алар туура жолдо иштеши керек”, - дейт Мамашова.
Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев, экс-депутат Мээрбек Мискенбаев, КСДПнын мурунку мүчөсү Сагынбек Абдрахманов, эксперт Эмил Үмөталиев, жарандык активист Айбек Мырза, журналист Нарын Айыптын пикири төмөнкү шилтемеде.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан