Экс-президент Алмазбек Атамбаев акыркы берген маегинде азыркы бийлик ал тапкан каражаттарды иштетүү менен эле алек болуп, көрүнүктүү иш жасабай жатканын айтты. "Мен Сооронбай Жээнбековду уксам, эч нерсе кылбай эле азыркыдай отурушум керек экен да. Эми буларга го жыргал, орустардан жарым миллиард доллар алып келип, фонд ачып койгом, ишканалар ачыла берет. Жээнбеков барып, ишканалардын лентасын кесе берет", - деди Атамбаев.
SUPER.KG порталынын "Атамбаев "Жээнбеков мен тапкан акчага ачылган ишканалардын лентасын кесип жүрө берет эми" деди. Азыркы бийлик өз алдынча көрүнүктүү иштерди жасай алдыбы?" деген соболуна КСДПнын мурунку мүчөсү Сагынбек Абдрахманов жооп берди.
Ал көрүнүктүү иш жасоо үчүн бир жыл аз деген пикирде. "Алмазбек Атамбаев деле өз учурунда Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев ачкан ишканалардын лентасын кесип жүргөн. Азыр анын Сооронбай Жээнбековго айтып жаткан сөзүн көрө албастык деп баалайм. Жээнбековдун иштегенине бир жыл болду. Бул убакыт көрүнүктүү иш жасаш үчүн аз. Менимче, азыр туура багытта бара жатат. Өзүм тоо-кенчи болгондуктан Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда тоо-кен тармагына көбүрөөк көңүл буруп, ишканалар ачат деп ишенген элем. Андай болгон жок. Эми Жээнбеков ушул жаатта жакшы иш алып барса экен дейм", - деди Абдрахманов.
Жогорку Кеңештин депутаттары Абдывахап Нурбаев, Айсулуу Мамашева, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Мээрбек Мискенбаев, эксперт Эмил Үмөталиев, жарандык активист Айбек Мырза, журналист Нарын Айыптын жообу бул шилтемеде.