Бакыт Төрөбаев финансы министри кызматына талапкерге: "Министр болуп барып, кассир болуп калбаңыз"

Жогорку Кеңештин жыйынында финансы министри кызматына Бактыгүл Жээнбаеванын талапкерлиги каралууда. Аны депутаттарга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тааныштырды.

Депутаттар Жээнбаевага суроо берүүнүн ордуна көбүнчө каалоо-тилектерди айтышууда.

Депутат Бакыт Төрөбаев Жээнбаеваны акчаны максаттуу иштетүүгө чакырды.

"Мен сизди "Агропрод" компаниясынан бери тааныйм. Сизге айтарым министр болуп барып, кассир болуп калбаңыз, саясат жүргүзүңүз. Азыр инспектор чоң чиновник болуп калыптыр. Акчаны кетире бербей эффективдүүлүгүн караш керек. Канча жумуш орун түзүлүп, айлыкты канча көтөрө алабыз? Мына ушуну ойлонушубуз керек", - деди Төрөбаев.

Жээнбаева бардык күчүн жумшай турганын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан