Жогорку Кеңеш финансы министри кызматына сунушталган Бактыгүл Жээнбаеванын талапкерлигин колдоду (өмүр баяны)

Бүгүн, 12-декабрда парламенттик жыйында өкмөт тарабынан финансы министри кызматына сунушталган Бактыгүл Жээнбаеванын талапкерлигин Жогорку Кеңештин депутаттары колдоду. Эл өкүлдөрүнүн 101и макул деп добуш берди.

Анын талапкерлигин бүгүн премьер Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте өзү тааныштырды.

Өкмөт башчы Бактыгүл Жээнбаева кыргыз, орус, англис тилдеринде эркин сүйлөй ала турганын айтты. "Финансы тармагына тиешелүү Кыргыз мамлекетинин мыйзамдарын жакшы билет жана финансы жаатындагы тажрыйбасы 25 жылдан ашат", - деди өкмөт башчы.

Бактыгүл Жээнбаева 1960-жылдын 31-июлунда Бишкек шаарында туулган. Экономика илимдеринин кандидаты. Учурунда "Кыргызстан коммерциялык банкынын" директорлор кеңешинин төрайымы болуп, кийин Улуттук банктын төрайымы, 2011-2015-жылдары аталган мекеменин жетекчисинин орун басары катары эмгектенген. Мамлекеттик ипотека компаниясынын башчысы болуп да иштеген. Ошондой эле 2016-жылдын декабрына чейин "Айыл банктын" башкаруучулар кеңешинин төрайымы болгон. 2018-жылдын июлунан тарта президент Сооронбай Жээнбековдун кеңешчиси болуп иштеп жаткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан