"Ата журтчу" депутаттар боюнча соттук отурум болчу Жогорку Соттун имаратын курчоого алган милиция кызматкерлеринин көптүгүнө депутат Садыр Жапаровдун жактоочусу нааразы экендигин бүгүн, 16-июлда маалымат жыйынында билдирди. Айтымында, иттерди алып келип текшерүү жүргүзүү зарыл эмес болчу. “Биз тараптан көп деле киши келген эмес, эмнеге ушунча милиция кызматкерлерин алып келишти? Депутаттар кылмышкер эмес да, алар эркиндикте жүргөн эл адамдары. Ошондой эле соттук отурум болуп жаткан залда белгисиз адамдар отурду. Ал жерде бөлөк кишилер болбошу керек эле, отурумга айыпталуучулар, жактоочулар, мамлекеттик айыптоочулар жана журналисттер катышса болмок. 50гө жакын тарапташтарыбыз келсе, миңден ашуун милиция кызматкерлери курчоого алып, аларды киргизишкен жок”,- деди жактоочу.