Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Эргешов 1968-жылы 13-декабрда Бишкек шаарында туулган. 1990-жылы экономист адистиги боюнча Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин аяктаган.
Эмгек жолун 1993-жылы "Арууке" ишканасында маркетолог болуп баштаган.
1994-1999-жылдары жеке ишкер;
2000-2002-жылдары "Бахтияр" Казакстандын фирмасында директор;
2002-2004-жылдары "Сульшер" Казакстандын фирмасында директор;
2004-2005-жылдары "Союз" Казакстандын фирмасында директор;
2005-2009-жылдары "Пеликан" Казакстандын соода үйүндө директор;
2009-2013-жылдары "Содружество 7" Казакстандын фирмасында директор;
2013-2016-жылдары "Актеп" Казакстандын фирмасында кеңешчи;
2016-жылы ноябрь айынан тартып "Кыргызстан" саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин VI чакырылыштагы депутаты. Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.