Парламентте көптөгөн айыл өкмөттөрүндө бош турган кызмат орундары бар экени айтылды

"Көптөгөн айыл өкмөттөрүндө бош турган кызмат орундары бар", - деп бүгүн, 13-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бактыбек Райымкулов билдирди.

Ал билдиргендей, Кыргыз мамлекетинде 453 айыл өкмөтү бар.

"Мамлекеттик кадр кызматы тарабынан жарыяланган сынактын талаптары кыйла татаал болгондуктан көпчүлүгү өтпөй калышат экен. Айыл өкмөтүндө иштесем деген адамдар арбын. Бирок ар бир айыл өкмөтүндө жок дегенде бир бош орун бар. Алардын милдети башкаларга жүктөлүүдө. Балким, жергиликтүү кадр маселесин муниципалдык башкарууга өткөрүп, айыл өкмөтүнө кызматкерлерди жалдоо талаптарын бир аз жеӊилдетсек, алар үчүн кыйла жагымдуу шарттар түзүлмөк", - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
RNA78
2018-12-13 11:42:40
Талап таатал эмес, айлык акы актабайт да. Силерге окшоп пачкалап доллар кармап, ячейкаларда сактабайт, болбогон 2000-3000 сом айлык, текшеруу ото коп.
+2
molorbaev
2018-12-13 17:35:01
RNA78, туура айттын
0
Jelezo
2018-12-13 11:57:03
Кызматка алуу,бошотуу айыл өкмөттүн башчысына берип айлык акыны көтөрүү керек.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан