"Ош базарындагы" курулуп жаткан жаңы соода имараты январь айында пайдаланууга берилет. Бул тууралуу бүгүн, 13-декабрда SUPER.KG порталына "Берекет" соода жайынын директору Жекшен Ильязов маалымдады.
"Курулуш иштеринин 1-этабы декабрь айынын аягында бүтүп, январь айынын башында "Берекет" соода борборунда өрттөн жабыркаган 312 соодагерге соода орундары акысыз берилет. Учурда соода орундарынын аянты боюнча маселе чечилип жатат. Азырынча соодагерлер менен келишим түзүлө элек", - дейт Ильязов.
Буга чейин белгилүү болгондой, жаңы курулуп жаткан 4 кабаттуу соода имаратынын курулуш иштеринин 2-этабы 2019-жылдын март айында аяктамакчы. Жаңы имараттын 1-кабатына азык-түлүктөрдү сатуу менен алектенген соодагерлер, 2-кабатка кир жуучу каражаттарын жана турмуш-тиричиликке керектелүүчү буюмдарды сатуучулар, ал эми 3-кабатка кийим-кече жана кездемелер сатылуучу соода орундары жайгаштырылмакчы.