Бишкекте "Тез жардам" кызматына бир суткада түшкөн чакыруулардын саны 700гө чейин жетүүдө

Борбор калаада "Тез жардам" кызматына бир суткада түшкөн чакыруулардын саны 700гө чейин жетүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 13-декабрда SUPER.KG порталына Бишкектеги медициналык "Тез жардам" станциясынын Кайра жандандыруу бөлүмүнүн башчысы Егор Борисов билдирди.

"Негизи бир суткада "Тез жардам" кызматына 600гө жакын чакыруу түшөт. Акыркы убакыт аралыгында сасык тумоо, ОРВИ күч алгандыгына байланыштуу учурда бир суткадагы чакыруулардын саны 700гө чейин жетүүдө. Чакыруулардын басымдуу бөлүгү кичинекей балдардын дене табы көтөрүлгөнүнө байланыштуу", - дейт Борисов.

Маалымат үчүн: ОРВИ (острая респираторная вирусная инфекция) кыргызча – дем алуу органдарынын түрдүү вирустар козгоочу курч кармаган жугуштуу оорулары. Ал өз ичине сасык тумоонун вирусун, парагриппти, аденовирус, риновирусту жана башкаларды камтыйт. Вирус оорулуу адамдан соо адамга аба аркылуу (сүйлөшкөндө, жөтөлгөндө, чүчкүргөндө) жугат. Суук тийүү абалыӊызды бир канча күнгө начарлатса, сасык тумоо бир нече күндөн 2-3 аптага чейин сизди "чеӊгээлинен" чыгарбайт. Дарыланбаса өтүшүп, пневмонияга (өпкөнүн кагынышы) чейин жеткирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан