"Манас" аэропорту: "Жаңы жетекчи келгенден кийин кызматкерлердин иш таштаганы тууралуу маалымат жалган"

5-декабрда "Манас" эл аралык аэропорту" ААКсынын директорлор кеңешинин отурумунда Нурлан Акматов жетекчи болуп дайындалган.
12-декабрда интернетке аэропорттун кызматкерлери жаңы келген жетекчиге каршылык билдирип иш таштаганы тууралуу маалымат чыкты. Буга байланыштуу эки күн каттамдар токтотулганы айтылды. Колдонуучулар "жаңы дайындалган жетекчинин тийиштүү билими, тажрыйбасы жок болуп, баарына жага берген эмес сыяктуу, кадимки эле бирөөнүн кол адамы" деп жазышкан.
"Манас" аэропортуна байланышканыбызда бул маалыматты төгүндөп, төмөнкүлөрдү билдиришти.
"11-декабрдагы тумандан улам каттамдар токтотулуп, аэропорт убактылуу учактарды кондурбай да учурбай да жатты. Иш таштоо тууралуу маалымат жалган. Андай нерсе болгон эмес", - деп билдиришти аэропорттон. Ошондой эле учурда "Манас" аэропорту штаттык режимде иштеп жатканын кошумчалашты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан