Депутат Карамушкина: "Жогорку Кеңештин жыйыны 10 депутаттын катышуусунда өтүп жатканы чакырылган конокторду сыйлабагандыкка жатат"

"Жыйын 10 депутаттын катышуусунда өтүп жатканы чакырылган конокторду сыйлабагандыкка жатат" деп бүгүн, 13-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Ирина Карамушкина билдирди.

Ал "Республика-Ата Журт", "Кыргызстан" фракциясынан бир дагы депутат жыйында жок экенин айтты. Депутат жыйынды токтотуп, катышпагандардын айлыгын кесүүнү сунуштады.

Дастанбек Жумабеков каттоодон 71 депутат өткөнүн айтып, кворум бар экенин билдирди.

Карамушкина кайра каттоодон өтүүнү сунуштады. Кайра каттоо жүрүп, 74 депутат катталды.

Залда 15ке жакын депутат отурат. Жыйын уланып, Социалдык фонддун бюджети боюнча мыйзам долбоору каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан